super.kg logo

“Рэкетир” Саят Исембаевдин “Миллиондук мелдеш” тасмасындагы костюму аукционго коюлду

 

Жакында жарык көргөн “Миллиондук мелдеш” тасмасында баш каармандарынын биринин ролун жараткан казак актёру Саят Исембаевдин аталган тасмада кийип жүргөн костюму аукционго коюлду. Бул маалыматты тасманын режиссёру Сүйүн Откеев бүгүн, 5-декабрда социалдык тармактардагы баракчасында жарыялады.  

“Дүйнөлүк тажрыйбада колдонулгандай,  биз да тасмадагы кээ бир реквизиттерди, костюмдарды жана аксессуарларды көрүүчүлөргө тапшырууну чечтик. Биринчиси ошол Саят мырзанын тасмага кийген костюмун аукционго койдук. Өзүңүзгө же тааныштарыңыздарга жакшы эстелик болсун десеңиздер, катышсаңыздар болот. Баштапкы баасы 1 сом. Аукциондун мөөнөтү туура 2 жума. Түшкөн акча муктаж адамдарга аз болсо да жардам болсун деген максаттабыз” деп жазылат анда.

Сүйүн мырзага байланышканыбызда ал “Тасма тартуу иштери бир жарым айга созулду. Аукционго коюлуп жаткан костюмду болсо актёр 2 эпизоддо кийген. Костюм жергиликтүү фирманыкы. Сапаты мыкты”,- деп кошумчалады.

Негизинен, аукцион “Миллиондук мелдеш” тасмасынын Фэйсбук социалдык түйүнүндөгү расмий баракчасында 20-декабрга чейин жүргүзүлөт. Костюм үчүн болгон таймаштын жүрүшү жана анын ээси ошол күнү саат 18:00дө белгилүү болот. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.12.2013. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аты чыкпай жер орттогусу келгендер алып алгыла.иии Саят кийген кастюмду ушул алыптыр да деп айтып журолу.
06.12.2013. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саяттын костюмуна комуп калатко кыкелер кыскабызда хааааа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: