super.kg logo

Бишкекте көп балалуу энелер "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйланышты

 

Бишкек шаарындагы райондордо көп балалуу энелер сыйланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, президенттин 2022-жылдын 14-майындагы №151 жана №152 жарлыгына ылайык, Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында көп балалуу энелер сыйланды.

Сыйлыктарды район башчысы Максатбек Саргазаков тапшырды. Анда 17 эне сыйланса, анын ичинен 9 эне "Баатыр эне" ордени, 8 эне медалдар менен сыйланган.

Белгилей кетсек, райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө 200 Баатыр эне каттоодо болсо, алардын 138и "Баатыр эне" ордени, 62 "Эне даңкы" медалдары бар.

Ошондой эле Баатыр энелерди Октябрь районунун акими Азамат Дороев да сыйлады. Анда 22 эне сыйланган, анын ичинен 7 эне "Баатыр эне" ордени, 15 эне "Эне-Даңкы" медалы менен сыйланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: