Айсулуу Тыныбекова: "Көпчүлүк мени капа болуп жатат деп ойлоп, тынчсызданып жатышат"
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын 4 жолку чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жеткен балбандарды куттуктады. Бул тууралуу спортчу социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Акжол, Жоламан жана Амантур, силерди жеңишиңер менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Мен биздин жетишкендиктерибиз жана спортчуларыбыз менен сыймыктанам! Ошондой эле бул ийгиликтердин башталышы гана экенин ишенимдүү түрдө айта алам.
Мен дагы Дүйнөнүн үч жолку чемпиону болуп күйөрмандарыма майрам тартуулайлы дедим эле, тилекке каршы, эки жолу жеңишти камсыздап үчүнчүсүндө алдырып жибердим.
Көпчүлүк мени капа болуп жатат деп ойлоп, тынчсызданып жатышат. Бирок андай эмес. Билесиңерби, мен бул окуяга тескерисинче бир аз кубандым.
Анткени бул жеңилүү мен үчүн сабак болду. Дагы да көп иштешим керек экенин сездим. Өзүм менен күрөшөм, күчтүү экенимди билем, баарына чыдайм", - деп жазган Тыныбекова.
Эске салсак, Дүйнө чемпиондугуна кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта катышкан Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн украиналык балбан кыз менен кез келип, 8:7 эсебинде жеңилип калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Taalaibek.

15.09.2022. 16:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Айсулуу. Кийинке кезекте буйруса утаарсын Алга!
AiKur

15.09.2022. 18:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаным Айсулуу сен биздин сыймыгыбызсын. Сен биз учун чемпионсун ар дайым.!
mira27

15.09.2022. 18:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн кучтуу айымсын. Духунду тушурбо
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.