super.kg logo

Мамлекеттик жетекчилер Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, негизги министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен маалымдашты.

Билдирүүдө айтылгандай, 300гө жакын шаар тургуну катышкан жолугушууда жер тилкелери, таза суу менен камсыз кылуу, инфраструктураны өнүктүрүү, мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздиги айтылды. Ошондой эле кабыл алынып жаткан соттук чечимдердин сапатын көзөмөлдөөнү камсыздоо боюнча социалдык-экономикалык бир катар маселелер көтөрүлгөн.

Мындан тышкары шаардыктар көзөмөл органынын жетекчилигине укук коргоо органдарынын жер-жерлердеги ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун көзөмөлдөө ишин күчөтүү боюнча каалоо-тилектерин айтышты.

Көчмө жолугушууларды өткөрүү тажрыйбасына ылайык, Балыкчы шаарынын тургундарынын айрым маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын деңгээлинде дароо жеринде чечимдер кабыл алынып, маселени тактоо үчүн убакытты талап кылган башка даттануулар боюнча, эки жумалык мөөнөт белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: