Эске салсак, буга чейин Мурас-Ордо конушунун окуучулары Озерное айылындагы мектепте жана №86 орто мектепке барып билим алып келишкен. Окуучуларды ташуу үчүн «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын 3 автобусу тартылган.
Мурас-Ордо конушунда 600 орундуу мектеп ачылды (фото)
















Бишкектин Мурас-Ордо жаңы конушунда 660 орундуу №99 мектептин ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров жана тургундар катышты.
Шаардык мэриянын маалыматына таянсак, мектептин курулушуна жана жабдылышына 135 миллион 700 миң сом жумшалган.
Билим берүү мекемесинин инженердик тармактарды орнотуу менен курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүп, аймагы көрктөндүрүлдү. Ошондой эле айланасына тосмо орнотулду. Мурас-Ордо конушунда жашаган 1600 окуучунун билим алуусу үчүн 43 класс керектүү жабдуулар менен камсыздалды. Учурда 63 мугалим окуучуларга билим берүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.