Армениянын тарыхында Башкы прокуратураны алгачкы жолу аял киши жетектейт
Армениянын башкы прокурору болуп 36 жаштагы Анна Вардапетян дайындалды. Бул Армениянын тарыхында Башкы прокуратураны жетектеген алгачкы аял киши болуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматта айтылгандай, Анна Вардапетян бүгүн, 15-сентябрда парламент депутаттарынын алдында ант берип, кызматына киришти.
Белгилей кетсек, буга чейин Армениянын башкы прокурору Артур Давтян болчу. Ал мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматын өткөрүп берди.
Ал эми Анна Вардапетян буга чейин өлкөнүн Көзөмөл ведомствосунда иштеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.