Чек ара кызматы: Тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатат
Тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
"Алар чатак болгон аймакка аскердик оор техникаларды алып келип, болгон куралдарды колдонуп, Кыргызстандын аймагын көздөй аткылоону улантууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда чек аранын бардык аймагында каршылашуу жүрүп, кагылыш уланып жатканы айтылат. Чек арачылар Тажикстандын согуштук агрессиясынын мизин кайтарууну улантууда.
Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам жабыркагандардын саны 18ге жеткен. Алар Баткен облустук ооруканасына жаткырылган.
Саламаттыкты сактоо министрлиги Баткен облусунун бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана "Тез жардам" кызматы күчөтүлгөн режимге өткөнүн белгилейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.