super.kg logo

Самарканд шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземи өттү

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, ушул күндөрү Самаркандда (Өзбекстан Республикасы) ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин кезектеги жолугушуусу өтүүдө. Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзийоев саммиттин катышуучуларын Самарканд туристтик борборунун Конгресс борборунда тосуп алды. Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн залга өтүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: