Тажикстандын куралдуу кол салуусу. Баткенге Оштон жардам жөнөтүлөт
Баткенге Оштон жардам жөнөтүлөт. Учурда калаа башчысы Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен Баткен облусуна гуманитардык жардам жөнөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда Ош шаарынын мэриясы менен президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү биргеликте борбордук штаб түздү.
"Жергиликтүү бийлик тарабынан жардам чогултуу башталды. Баткен элинин учурда негизги муктаждыктарын (азык-түлүк, буюм, керектелүүчү каражаттар) жөнөтүүгө басым жасалат", - деп айтылат маалыматта.
Жардам берүүнү каалагандар борбордук аянтка (мэриянын алды) алып келсе болот.
Байланыш үчүн телефондор: 0559 850 191, 0999 929 790.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.