super.kg logo

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза тапкан өспүрүмдүн апасы: "Кызымдын денесин снаряддын сыныгы тешип кетиптир"

 

Баткенде тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип 15 жаштагы кыргызстандык кыз каза болду. Каза болгон кыз айылдаштары менен Маргун айылын көздөй качып баратканда снаряддын сыныгы тийген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кыздын апасы айтып берди.

Анын айтымында каза болгон кыз Лейлек районундагы Достук айылынын Достук орто мектебинин 9-классынын окуучусу болгон. Үй-бүлөдө алты бир туугандын бешинчиси.

"Биз кызымды жерге бердик. Снаряд биздин көчөгө түшкөн. Анын сыныгы кызыма тийип каза болду. Денесинде тешиктер бар. Азырынча эч нерсе айта албайм", - деди маркум кыздын апасы көзүнө жаш алып.

Соңку маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан жабыркагандардын саны 55ке жетти.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.09.2022. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эхх ачыла элек гул сымал кечир бизди сенин олумун учун жетиштуу жооп бере албадык
16.09.2022. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дагын канча бир туугандар олуш керек. Эмнеге жооп бербей жатасынар. Силер качан атасынар
16.09.2022. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул кыздын убалы урсун силерди тажиктер тынч жаткан элди дурботуп ыйык жума куну кол салдынар АЛЛАХ озу жазаласын
17.09.2022. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 46 жаштагы айылда кок сакал жаштагы кишимин Садыр ушул балдардын убалынан коркосунбу же уулум каза болгон деп бут журткажугуну артасынбы эки ку мурун тажиктер оор техниканы чек арага жакын жерге жайгаштырды дегенде да конул болгон жоксун ава
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: