Тажик тараптын куралдуу кол салуусу: "7си аял, 5и жаш балдар". Жабыркагандардын саны 55ке жетти
Саат 18:00гө карата тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 55ке жетти. Анын ичинен 3 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы жабыркагандардын ичинен 7си аял, 5и жаш балдар.
- Баткен облустук бириккен ооруканасында - 23 жабырлануучу;
- ЖДПБ Лейлек - 22 жабырлануучу;
- ЖДПБ Кулунду - 3 жабырлануучу;
- Улуттук госпиталда - 3 жабырлануучу;
- Улуттук хирургия борборунда - 1 жабырлануучу.
"Ошондой эле 1 адам өлүмү катталганын маалымдайбыз, 15 жаштагы өспүрүм кыз октон көз жумган. Баткен облусунан алынган оперативдүү маалыматтарга караганда, каза болгон учурлар дагы бар. Алар боюнча маалымат азыр такталууда, кошумча маалымат кийинчерээк берилет", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Asmat84

16.09.2022. 20:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах таалам өзүң жардам бере көр бизге. Асмандан жерден ар кандай азаптарыңды жөнөтчү тажиктерге, тынч жашап жаткан карапайым кыргыз калкымда эмне күнөө эх жараткан Аллах өзүң азабын берчи ушул душмандарга кыргыз элимде тынчылык болсунчу кудаай
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.