super.kg logo

Тажик тараптын куралдуу кол салуусу. Баткен жана Лейлектен 120 миң адам эвакуацияланды

 

Баткен жана Лейлек районунан 120 миң адам эвакуацияланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, эки райондун тургундары Сох анклавы аркылуу Кадамжай районуна көчүрүлдү.

“Лейлектин Арка, Достук, Жаңы-Жер айылдарында жана Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Сай айыл өкмөттөрүндө абал чыңалуу бойдон калууда. Турак үйлөрдүн өрттөнүүсү уланууда. Лейлек районунун төмөнкү тарабында кагылышуу дагы эле уланып жатат. Бул жакта бир гана аскер кызматкерлери калган, эл көчүрүлгөн”, - дейт ал.

Баткенде абал чыңалуу бойдон сакталып турат. Тажик тарап буга чейин жетишилген макулдашууну бузуп, кайрадан ок чыгарган. Учурда Баткен облусунун бир катар аймактарында ок атышуу болуп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: