super.kg logo

УКМК: "Тажик тарап кыргыз чек арачыларынын сөөгүн шылдыңдап, сүрөт жана видеого тартып жатат"

 

Тажик тарап каза болгон Кыргызстандын чек арачыларынын сөөгүн шылдыңдап, аларды өз кызыкчылыгына колдонуу максатында сүрөт, видеого тартып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирет.

"Биздин мамлекетке каршы саясатынын алкагында, фактыларды бурмалап, Кыргызстанды агрессор катары көрсөтүүгө аракет кылуу үчүн бул сүрөт, видеолорду өздөрүнө ыңгайлуу өңүттө колдонушу ыктымал ", — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Мындан улам УКМК коомчулукту кырдаалга туура баа берип, эки элдин ортосуна ким бүлүк салып жатканын туура баамдоого чакырды.

Баткенде абал дале болсо чыңалуу бойдон сакталып турат. УКМК тажик тарап чек ара заставаларын гана эмес, мектеп, бала бакча, медпункт, соода түйүндөрүн да талкалап жатканын билдирүүдө. Учурда облустун бир катар аймагында ок атышуу уланып жатат. Саат 18:30да тажик тарап, буга чейин жетишилген макулдашууну бузуп, кайрадан ок чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.09.2022. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнени эле карап турушат биздин чоңдор сокку уруп жооп беришпейби, сүйлөшөбүз деп эле отура бербей
16.09.2022. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне деп жазыштыда билбей калдык Эмне бизде Град жокпу бизда оздорундой жооп беришибиз керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: