Оштон Баткен облусуна 100 тонна гуманитардык жүк жөнөтүлдү






Ош шаары менен Ош облусунун биргелешкен борбордук штабы Баткен облусуна 100 тонна гуманитардык жүк жөнөттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-сентябрда Ош шаары менен Ош облусунун биргелешкен борбордук штабынан Баткен облусуна жалпысынан 100 тонна гуманитардык жүк жөнөтүлдү. Анын ичинде азык-түлүк, биринчи керектелүүчү товарлар жана гигиеналык каражаттар бар экени айтылат.
"Бул иштерге ыктыярчылар, активисттер, спортчулар жана кайдыгер эмес жарандар тартылган. Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында штаб түзүлүп, алар дагы Баткен облусунун жарандарына жардам көрсөтүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.