Каза болгондор боюнча маалымат такталууда. Жабыркагандардын саны 59га жетти
Саат 20:00гө карата тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 59га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалымдалгандай, алардын ичинен 3 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар.
1. Баткен облустук бириккен ооруканасы - 26 жабырлануучу;
2. ЖДПБ Лейлек 18 жабырлануучу;
3. ЖДПБ Кулунду - 3 жабырлануучу,
4. Улуттук госпиталда - 3 жабырлануучу,
5. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.
6. Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна – 5 жабырлануучу.
Министрлик каза болгон учурлар боюнча маалымат такталып жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.