super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "Баткенде ок атышуу толугу менен токтотулду"

 

Баткенде ок атышуу толугу менен токтотулду. Бирок абал чыңалуу бойдон. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Маалымдалгандай, тажик тарап менен бир күндө үч ирет жолугушуу өткөрүлүп, ок атышууну токтотуу макулдашылган. Бирок ага карабай тажик бийлиги макулдашууну үч ирет тең бузуп, ок чыгарган.

"Тажик тараптын чабуулдарынын мизин кайтаруу үчүн колубузда болгон мүмкүнчүлүктүн баарын пайдаландык. Облустун аймагында ок атышуулар толук токтогону менен, абал кооптуу бойдон. Мындан кийин абал кандай болуп кетерин эч ким айта албайт жана кепилдик да бере албайт. Бирок ага карабай биз абалды толук бойдон көзөмөлгө алууга аракет кылып жатабыз", - деди Ташиев.

Тажик тараптын Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салуусу кечээ башталган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин токтотулганы менен, бүгүн эртең менден баштап кайрадан ок атууну баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.09.2022. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тажик телеграм группаларында алар аябай каттуу даярдык коруп жатышат тилеке каршы. Толук кандуу мобилизация журуп жатат аларда!
17.09.2022. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай телеграм канал
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: