Сот тутуму чек арадагы куралдуу кагылышта каза болгондордун жакындарына көңүл айтат
Сот тутуму кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышта каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков сот тутумунун жана жеке өзүнүн атынан каргашалуу окуяларда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыр тарткан Баткен облусунун тургундарына жардам катары сот кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын которору маалымдалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.