super.kg logo

"Бир чарчы метр жерди да бербейбиз". Жапаров чек арада каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

 
Президент Садыр Жапаров тажик тараптын куралдуу кол салуусунан каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты. Бул туурасында өлкө башчынын социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу калайык-журт! Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, тилекке каршы, Баткен жергебизде коогалаңдуу окуя - курал-жарак колдонулган жана кан төгүүлөргө алып келген чыр-чатак кайталанды.
Кыргыз-тажик чек ара аймактарында болуп өткөн бул куралдуу чыр-чатакта мекендештерибиз курман болду. Мен мекенибиздин чегинде курман болгон мекендештерибиздин үй-бүлөсүнө, ата-энелерине жана ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгон бир туугандарыбыз бир чарчы метр жерди бербей, мекен чегин көздүн карегиндей сактоо деген ыйык милдетти аткарып жатып курман болушту. Жаткан жерлери жайлуу болсун, Жараткан бейишинен орун берсин!
Алардын үй-бүлөлөрү ар тараптан камкордукка алынарына сөз берем. Урматтуу агайын-туугандар, курман болгон ар бир жараныбыз - жалпы кыргызстандыктардын сыймыктуу уул-кыздары. Ошондуктан эл-журтубузга дагы кайрат айтаар элем.
Куралдуу кагылыштарда, тилекке каршы, кырчындай өмүрлөр кыйылбай койбойт экен. Кечээги окуяларда биздин эр жүрөк чек арачыларыбыздын жааган октон жалтанбаган эрдигине, душман мизин кайтарган баатырдыгына чоң ыраазычылык билдирем. Манас атабыздын каны айланган ар бир азаматыбыз үстөккө-босток атылып аткан октон жалтанбай, чек арадан артка чегинип бербей, бекем туруп беришти. Мына ушундай эр жигиттерибиз турганда Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү бекем сакталат деп ишенем.
Бул куралдуу кагылышта жалаң эле биздин жарандарыбыз өлүмгө кирептер болгон жок. Ыкчам маалыматтарга ылайык, тажик тарап дагы оор жоготууларга учурады.
Урматтуу агайын-туугандар, өткөн тарыхка көз чаптырсак, чек ара маселеси жөнгө салынбай, жер талашкан учурлардын баары чыр-чатактар менен коштолуп, жоготуулар сөзсүз болгондугуна күбө болобуз. Бирок кандай болгон күндө дагы ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган жерибиздин бир чарчы метр жерин да башкаларга бербейбиз. Улуттук кызыкчылыгыбызды бекем коргойбуз! Сиздерге белгилүү, Өзбекстан Республикасы менен чек ара тилкерибиздин баары такталды, аларды кагазга түшүрүп, тариздөө маселелери гана калды.
Ал эми кыргыз-тажик-чек арасын тактоо маселелери дагы деле күн тартибинде турат. Тарых тастыктап келе жаткандай, чек ара маселеси - өтө кылдаттыкты, сабырды талап кылган оор маселе. Ошентсе да биз кыргыз-тажик чек арасын ыкчамдатып чечүүгө аракетибизди бир мүнөт дагы токтотпойбуз", - деп айтылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: