super.kg logo

Чүй облусунун администрациясы Баткен элине бир күндүк эмгек маянасын которот

 

Чүй облусунун администрациясынын кызматкерлери Баткен облусунун тургундарына жардам иретинде бир күндүк эмгек маянасын которот. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, мындан сырткары жардам берчү пункттар да ачылган.

Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жардам чогултуу максатында уюштурулган пункттардын даректери:

Кемин району: Кемин шаары, Ленин көч.23, райондук маданият үйүнүн имараты;

Чүй району: Чүй айылы, Ибраимов көч. 33, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты;

Токмок шаары: 1) Сарыбагышев көч.84 "а", ДЮСШ имараты; 2) Борбордук базар, "Саквояж" соода борборунун жаны;

Ысык-Ата району: Кант шаары, К.Абдраимов көч.95, райондук маданият үйү;

Аламүдүн району: Лебединовка айылы, Ленин проспекти 354а, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын имараты;

Сокулук району: Сокулук айылы, Фрунзе көч.116, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты;

Москва району: Беловодск айылы, борбордук аянт (райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын бет маңдайы);

Жайыл району: 1) Кара-Балта шаары, Т.Кожомбердиев көч.102, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты, 2) Кара-Балта шаары, Т.Кожомбердиев көч.14, мэриянын имараты;

Панфилов району: Кайыңды шаары, Садовый көч.7, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: