super.kg logo

"Баткен элине бекер жеткирүү". "Манас" аэропортундагы такси кызматкерлери элди акысыз ташууда

 

"Манас" аэропортундагы такси кызматкерлери Баткен облусунан эвакуацияланып келген жарандарга акысыз кызмат көрсөтүүдө.

Маалыматка ылайык, такси кызматкерлери жарандарды аэропорттун күтүү залында "Баткен элине бекер жеткирүү", "Лейлек элине бекер жеткирүү" деп жазылган барактар менен күтүп алышууда.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-сентябрда тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине миномёттон ок чыгарганы маалымдалган. Ошондой эле Баткен облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Мындан сырткары Чоң-Алайдын Тешик-Таш, Карамык, Кароол-Дөбө айыларында жайгашкан чек арачыларын көздөй ок атылганы айтылды.

Кийинчерээк, УКМКнын басма сөз кызматынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саат 14:20да тажик тарап Чоң-Алай районунун Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын миномёттон жана артиллериялык түзүлүштөрдөн аткылоону токтоткондугун билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: