Баткендин айрым аймактарында унаа жолдор жабылды
Баткендин айрым аймактарында унаа жолдор жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги түз эфирде билдирди.
Министрликтин бүгүнкү саат 15:00гө карата берген маалыматына ылайык, Баткен облусунун Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 211-220 километр (Развилка Чоң-Талаа), 265 километр (Кара айыл бөлүгү), 272 километр (Төрт-Көчө бөлүгү) жана Баткен-Кара-Бак, Баткен-Кызыл-Бел, Көк-Таш-Ак-Сай унаа жолунун 7 километр аралыгындагы көпүрө жараксыз абалга келгендигине байланыштуу унаа жолдору каттам үчүн жабылган.
Ошондой эле Лейлек районунун Кайрагач-Кулунду-Арка унаа жолу, эски багыттагы Ош-Баткен-Исфана жолунун 340-346 километр аралыгы жабылып, ал эми Төрт-Көл-Достук (Кара-Бак айылы), Ак-Сай-Рават, Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай, Кок-Таш-Ак-Терек эвакуациялык жолдор ачык экени кабарланат.

