super.kg logo

Баткен: Тажикстандыктар кыргыздардын үйлөрүн тоноп кетишүүдө

 

Баткен районунун Жаңы-Жер айыл аймагында кыйын абал жаралды. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев кабарлады.

Ал маалымдагандай, бүгүн тажикстандыктар үйлөрдү тоноп, өрттөшкөн. Жерине Баткен районунун акими баш болгон бийлик өкүлдөрү барып, тажиктер Кыргызстандын аймагынан чыгарылып, абал жөнгө салынганы кабарланат.

"Биз муну Тажикстандын бийлик өкүлдөрүнө дагы катуу талап менен айтып жатабыз. Күндүн аягына чейин ок атууну токтотуп, техникаларды чек арадан алып кетүү боюнча иштеп жатабыз", — деди Алимбаев.

Буга чейин SUPER.KG порталына Самаркандек айылынынын тургундары тажикстандыктар алардын үйлөрүн тоноп кетип жатканын билдиришкен болчу. Мындай фактылар былтыркы жылы апрель айында тажиктердин куралдуу кол салуусу учурунда да катталган. Алар кыргыздардын үйлөрүнөн жууркан, төшөктөрүнөн баштап, короодогу малына чейин айдап кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.09.2022. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балээнин баары ошол уурдалган буюмдар менен кошо кетсин силерге. Элимдин башы аман болсо андай буюмдардын далайын таап алышат. Бироонун эскисин алып конгон акмактар десе. Кудайым жазанарды берсин. Канча адамдын каргышына калып атасынар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: