Тажиктердин аткылоосунан эки баласына ок тийген аял: "Унаабыз жүрбөй калганда адыр аралап качтык"
Тажиктердин кол салуусунан улам эки наристесине ок тийген Зайнап Исманали кызы SUPER.KG порталына окуя тууралуу айтып берди.
Ал учурда Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо борборунда, абалы туруктуу. Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам анын эки баласына ок тийген.
“Мен Баткен облусунун Максат айылынан болом. Ошко турмушка чыккам. Ызы-чуу башталган күнү балдарым менен төркүнүмдө болчумун. Саат 07:30 чамасында ок атуу башталды. Качып жөнөдүк, бир аз качкандан кийин унаабыз бузулуп калып, тажиктер астыдан 15 мүнөттөй аткылады. Атамдын сол колуна ок тийип, тешип чыгып кетти. Унаа жүрбөй калгандан кийин адырды аралап качтык. Ошондо бир жарым жаштагы кичинекей уулумдун бутуна ок тийди. Үч жаштагы баламдын бөйрөгүнө ок тийди. Агамдын баласы дагы ата-энем менен чогуу болгон. Анын жамбашына ок тийип, калып калды. Ошентсе да 1 сааттай качтык. Андан кийин эл жардамга келе баштады. Элдин жардамы менен Исфананын ооруканасына жеттик. Алар дароо эле Бишкекке жөнөтүштү. Бишкектен операция жолу менен окторду алышты. Учурда Эне жана баланы коргоо борборунда дарыланып жатабыз. Баарынын абалы туруктуу”, - деди ал.



1 |