super.kg logo

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркагандар Бишкек менен Ошко жеткирилүүдө

 

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги учурдагы кырдаалды көзөмөлгө алууну улантып, чек арага чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Билдирүүгө ылайык, зарыл маалыматтар бардык түзүмдөрдөн туруктуу негизде келип турат. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жеринде жүрүшөт. Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен ар кандай деңгээлдеги жаракат алгандарга зарыл жардам көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Өзгөчө оор абалдагылар Бишкек жана Ош шаарларындагы медициналык мекемелерге аба транспорту жана унаалар менен которулууда.

Ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдарга коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөн тургундарды тиешелүү шарттар менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

"Мезгил-мезгили менен тажикстандык аскер кызматкерлери тарабынан аткылоо жүргүзүлүүдө. Ошого карабастан жалпы күч-аракеттер менен аткылоону толук токтотууга жана маселени тынчтык жол менен чечүүгө аракет көрүлүүдө.

Күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери оор техникаларды жана аскер кызматкерлерин туруктуу жайгашкан жерлерине толук алып чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", - деп билдирди Султанбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.09.2022. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башка рейстерди токтотуп туруп Лейлектеги элди Бишкеке же Ошко учурбайсынарбы хотябы платный болсо дагы жаш балдар аялдар кыйналды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: