Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркагандардын саны 129га жетти
Коңшу Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам жабыркаган Кыргыз жарандарынын саны 129 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 17-сентябрь саат 22:30га карата Тажикстандын кол салуусунан улам жабыркаган адамдардын саны 129га жетти. Анын ичинен: Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында – 39 жабырлануучу;
Ош облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында – 4 жабырлануучу;
Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарында – 79 жабырлануучу.
Жабырлануучулардын абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат.
Ал эми коңшу өлкөнүн куралдуу кол салуусунан улам каза болгон адамдардын саны 24.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.