Баткенде 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка көчүрүлдү
Бүгүн, 18-сентябрь саат 9:00гө карата Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын жалпы 5301 тургуну коопсуз жайларга эвакуацияланган. Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 177 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.
Мындан сырткары Бишкек шаарынан 160 тонна гуманитардык жардам 8 оор жүк ташуучу унаага жүктөлүп, Баткен облусуна жөнөтүлдү.
Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, бардык облустарда гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 162 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат.
Алар: Ош облусунда - 44, Жалал-Абад облусунда – 12, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 69, Талас облусунда – 17, Чүй облусунда – 12, Ош шаарында -1, Бишкек шаарында – 1 пункт.

