super.kg logo

Баткен облусунун 90 миңден ашуун тургуну коопсуз жайга эвакуацияланды

 

Баткен облусунун 90 миңден ашуун тургуну Баткен облусунун борбордук райондоруна жана Ош шаарына эвакуацияланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев маалымат жыйында билдирди.

"Азыркы учурда Сүлүктү шаарында Баткен облусунун чек ара райондорунан социалдык мекемелерде: мектептерде, бала бакчаларда, мечиттерде, ошондой эле жеке үйлөрдө 3485 тургун эвакуацияланган. Алардын ичинен 1862 балдар, 413 улгайган адамдар. Алар бардык зарыл болгон азык-түлүк менен камсыз кылынат.

Лейлек районуна 53 162 жаран эвакуацияланган, бардыгы азык-түлүк менен камсыздалган, гуманитардык жардам жеткирилген.

Баткен районуна негизинен Кадамжай районунун тургундары эвакуацияланган, алардын жалпы саны 29 962 тургунду калтырат, алардын 19 652 балдар, 1207 улгайган адамдар.

Учурда Ош шаарына 2184 тургун эвакуацияланган, баарына керектүү жардам көрсөтүлүп, 84 жаран консультация түрүндө психологиялык жардам алышкан.

Чоң-Алай районунда 3148 жаран эвакуацияланган, аларды райондун тургундары үйлөрүндө, социалдык мекемелеринде кабыл алышкан, бардык эвакуациялангандарга керектүү жардам көрсөтүлүп жатат", - деди министрдин орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: