Тажик тарап Баткендеги Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү жардырып, учурда жол жабык
Тажик тарап Баткен облусундагы Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү жардырып, учурда жол жабык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов маалымат жыйында билдирди.
Айтымында, Баткен облусунун Ош-Исфана-Баткен жолунун 211-220-чакырымындагы Чоң-Талаа, 265-чакырымындагы Кара айыл бөлүгү, 275-чакырымындагы Төрт-Көчө бөлүгү жана Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун жетинчи чакырымында жайгашкан көпүрө жараксыз абалга келген.
Ошондой эле Лейлек районундагы Көк-Сай, Арка, Кулунду унаа жолу да тажик тараптын жардыруусунан улам жараксыз абалга келип, унаа жол каттамы жабылган.
Ал эми Төрт-Күл, Ак-Сай, Ак-Тилек, Чоро, Миң-Булак эвакуациялык жолдору учурда ачык.
Көпүрөдөн өткөрүлүшү керек болгон жүктөгүч техника, жеңил автоунаа жана эки жүктөгүч унаа, бир бульдозер чек арага жакын жерде калган. Министрлик аларды азыр алып кетүүгө мүмкүн эмес экендигин билдирди.

