Бүгүн саат 14:00гө катара Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч
Бүгүн, 18-сентябрь саат 14:00гө катара Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чек арада атышуу же башка жагдайлар аныктала элек.
"Тараптар ок атышпоо жана тиешелүү күчтөрдү чыгарып кетүү боюнча келишимдерди сактап, бул багыттагы иштер улантылууда. Чек ара аймагындагы кырдаалды басаңдатуу жана эки мамлекеттин ортосундагы чыңалууну басаңдатуу боюнча тиешелүү комиссиялар биргелешип иш алып барууда. Окуя болгон жерде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев коңшу тараптын кесиптеши менен тиешелүү иштерди жүргүзүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.