ТИМ өлкөдөгү эл аралык уюмдардын жетекчилерине кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча брифинг өткөрдү

Маалыматка ылайык, брифингдин жүрүшүндө катышуучуларга курман болгондордун, анын ичинде жергиликтүү жашоочулардын, жер которгондор, көптөгөн социалдык жана жарандык инфраструктуралык объектилердин, анын ичинде мектептер жана турак жайлардын кыйрашы, кыргыз жарандардын мүлкүн жана аларга таандык болгон буюмдарды талап-тоноо фактылары тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле брифингдин катышуучуларына Тажикстан Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жана анын туруктуу эмес аскерлештирилген топторунун Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагын кыянат жана негизсиз баскынчылыгынан коргоо максатында УКМКнын Чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагынын коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында чечкиндүү жооп кайтаруу чараларын көргөндүгү жөнүндө маалымат берилди.
Өз кезегинде чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга колдоо сөздөрүн билдиришти, жана ошондой эле азыркы аскер-саясий жана гуманитардык кырдаалга тынчсызданууларын билдиришип, Кыргыз тараптын кризисти дипломатиялык жол менен чечүү аракеттерин колдошту.
Мындан тышкары, алар Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жана башка зарыл жардамдарды көрсөтүүгө, анын ичинде Кыргызстандагы БУУнун өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Координациялык тобу аркылуу берүүгө даяр экендиктерин белгилешти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.