super.kg logo

Тажик тараптын куралдуу кол салуусу: "Бөрү" отрядынын командири Гүлжигит Бектеновдун сөөгү жерге берилди

 

Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгон "Бөрү" отрядынын 1-тобунун командири Гүлжигит Бектеновдун сөөгү кичи мекенинде жерге берилди. Бул туурасында маркумдун жакындары маалымдады.

Айтымдарында, анын сөөгү бүгүн Ноокен районунун Кызыл-Туу айылында жерге берилди.

Гүлжигит Бектенов 1995-жылы 2-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылында туулган.

2013-2014-жылдары аскердик академияда билим алып, 2017-жылы Баткен облусунун Лейлек районундагы аскер бөлүгүндө "Бөрү" отрядынын 1-тобунун командири кызмат ордунда кызмат өтөп баштаган.

2019-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин "Даңк" медалы менен сыйланган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Тажик тараптын кол салуусунан каза болгон жоокерибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: