super.kg logo

Баткен облусунун аймагында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда

 

Баткен облусунун аймагында ИИМдин ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги астында КБКнын кызматкерлеринен түзүлгөн кайгуул-күзөтчүлөр окуя болгон аймактарда күнү-түнү иштеп жатышат.
"Бүгүнкү күндө келтирилген зыянды аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссиялар жана тергөө топтору түзүлүп, тергөө иштери жүрүп жатат. Милиция кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар арасында чагымчыл аракеттердин алдын алуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Облуста оор жана резонанс жараткан кылмыштар катталган эмес. Учурда абал туруктуу, тартип сакчылары коопсуздукту камсыздоо боюнча иш алып барууда", - деп билдирди Нурлан Исмаилов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: