super.kg logo

Өлкөнүн түштүгүнө авиакаттамдар штаттык режимде аткарылууда

 

Өлкөнүн түштүгүнө авиакаттамдар штаттык режимде аткарылууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

"Ош, Жалал-Абад жана Раззаков шаарларына бардык каттамдар штаттык режимде аткарылууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, каттамдарды "Тез Жет" авиакомпаниясы аткарууда.

  • Бишкек-Раззаков-Бишкек багыты боюнча аба каттамдар жумасына 2 жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү.
  • Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча аба каттамдар жумасына 9 жолу.
  • Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча аба каттамдар күнүнө 5-6 жолу аткарылууда.

Ошондой эле Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар "АвиаТраффик" авиакомпаниясы аркылуу күнүнө бир жолудан жана "Aэрономад" авиакомпаниясы тарабынан жумасына эки жолудан шейшемби жана ишемби күндөрү аткарылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: