Бүгүн Кыргыз жергесинде улуттук аза күтүү күнү
Бүгүн, 19-сентябрь өлкөдө улуттук аза күтүү күнү.
Ага ылайык, бул күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт. Маданият мекемелеринде жана телерадиокомпанияларында улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чаралары жана берүүлөрү токтотулат.
Президент Садыр Жапаров 19-сентябрды Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгон жарандардын саны 59га жетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.