Баткенде убактылуу жабылган жолдор унаа кыймылы үчүн ачылды
Бүгүн, 19-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам убактылуу жабылган унаа жолдору кайрадан ачылды. Бул туурасында "Кыргызавтожол" ишканасынан маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2 жол чарба департаментинин Баткен райондук №7 башкармалыгынын жана №2 жол эксплуатациялоо башкармалыгынын өкүлдөрү Тажикстандын аскерлери жардырган Көк-Таш - Ак-Сай жолундагы 36 метрлик көпүрөгө жөнөп кетишти. Алар көпүрөнү кайра калыбына келтирүү маселесин жеринде талкуулашат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Лейлек районунун тургундарын эвакуациялоого көмөк көрсөтүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.