Тажикстандын агрессиясы: Баткен облусуна жалпы 506 тонна гумжардам жеткирилди

ӨКМдан билдиргендей, Баткен облусу боюнча жалпы 45 убактылуу кабыл алуу жайлары иштеп жатат.
Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган. Ошондой эле Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун даярдалып, учурда 512 жаран жайгашкан.
Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 506 тонна гуманитардык жардам жеткирилип, анын ичинен 116 тонна ӨКМ тарабынан жеткирилген, 301 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп (635 тонна) Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.
Республикабыздын бардык аймактарында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:
- Ош облусунда – 44;
- Жалал-Абад облусунда– 12;
- Нарын облусунда – 6;
- Ысык-Көл облусунда – 69;
- Талас облусунда – 43;
- Чүй облусунда – 12;
- Ош шаарында –1;
- Бишкек шаарында – 1.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.