super.kg logo

Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Агадил Канатбековдун сөөгү Тосор айылында жерге берилди

 

Тажикстандын кол салуусунан улам каза болгон Агадил Канатбековдун сөөгү туулуп-өскөн айылы Ысык-Көл облусунун Тосор айылында жерге берилди.

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына облустук жана райондук бийлик өкүлдөрү, бир туугандары, айылдаштары катышып, эрдигин эскеришти.

Прапорщик Канатбеков Агадил Канатбекович чек араны басып кирген душмандан коргоп жатып баатырларча курман болгон.

Агадил Канатбекович 1999-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында туулган. Тосор айылындагы Тосор орто мектебинде 9-классты ийгиликтүү аяктап, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы колледжде “Унаадагы ташууларды уюштуруу жана башкаруу” адистиги боюнча билим алган.

2018-жылдын 30-октябырында Жети-Өгүз райондук аскер комиссариаты тарабынан мөөнөттүү аскер кызматына чакырылган. 2019-жылы аскердик кызматын ийгиликтүү өтөп келген. 2022-жылдын март айында Баткен облусунда жайгашкан Чек ара кызматынын №2053 аскер бөлүгүнө контракттык негизде аскердик кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн. Үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү болгон.

Агадил Канатбековдун ата-энесине жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.09.2022. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ДЕМОРКАЦИЯ!!! ТЕЗ АРАДА!!!
19.09.2022. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маркумдун жаткан жери жайлуу, Топурагы торко болсун!! БИРОК, ДЕМОРКАЦИЯ _ БОЛСУН!!!!
19.09.2022. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЧЕК АРА БОЛУУ КЕРЕК!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: