super.kg logo

Баткенде жабыркаган ички аскерлердин алты жоокери Бишкекте дарыланууда

 

Баткен окуясында жабыркаган ички аскерлердин алты жоокери Бишкек шаарындагы ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков жарадар болуп оорукананада дарыланып жаткан жигиттердин ар бири менен сүйлөшүп, ал-акыбалын сурап, алардын ар биринин ата-энелери менен жолукту. Ушундай эр азаматтарды тарбиялап өстүргөндүгү үчүн ички иштер министрлигинин жетекчилигинин атынан терең ыраазычылыгын билдирип, дары-дармек, дарыгерлердин жардамдары, кийим-кечек, тамак-аш жагынан толук камсыздала тургандыгын, жоокерлерди колдоо, дарылоо максатында атайын каражаттар бөлүнгөндүгүн белгиледи.

"Ооруканада дарыланып жаткан Ички аскерлердин жоокерлерине бардык шарттар түзүлдү, дары-дармектер жана башка медициналык квалификациялуу жардамдар так жана өз убагында берилүүдө. Дарыгерлер алардын ден соолугуна камкордук көрүшүп, аларды тез арада сакайтууга бардык мүмкүнчүлүктөр көрүлө тургандыгын белгилешти. Ооруканада жаткан эр азамат жоокерлерге студенттер, мектеп окуучулары дагы келишип, аларга ыраазычылыктарын билдирип, колдон келген жардамдарын берип, тамак-аштарын да көтөрүп келишип, эр жүрөк жоокерлерге урматтоо сезимдерин билгизип жатышат.

ИИМдин Медициналык кызматы жана Ички аскерлердин медициналык кызматынын жетекчилик курамы ооруканаларда дарыланып жаткан жоокерлердин саламаттыгына көз салуу жана качан болбосун кандай жардам керек болсо, аны тез арада чечүү максатында толугу менен ооруканаларга бекитилди. Биз Ички аскерлердин эр жүрөк азаматтарына бекем ден соолук каалайбыз жана тез арада сакайып кетишине тилектешпиз", - деп билдирди Ниязбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: