super.kg logo

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусу боюнча 282 объект талкаланган

 

Баткендеги куралдуу кагылышуунун кесепетинен облус боюнча 282 объект талкаланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Жогорку Кеңештин кызматтары менен түзүлгөн комиссиянын текшерүү иши учурда да уланып жаткандыктан, бул сан өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан маалым болду.

"Соңку маалыматка ылайык, 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланып, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуучу жайларга жайгашкан. Баткен облусу боюнча жалпы 45 убактылуу кабыл алуу жайлары (ПВР) иштеп жатат. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Ошондой эле Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун даярдалып, учурда 512 жаран жайгашкан. Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 506 тонна гумжардам жеткирилип, анын ичинен 116 тонна ӨКМ тарабынан жеткирилген, 301 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп (635 тонна) Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн. Республикабыздын бардык аймактарында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: