"Буту ооруп жатса да мекенге, элге кызматым азыр керек деп...". ӨКМнын кызматкери Айбек Ысмановдун сөөгү кечээ күнү жерге берилди



ӨКМнын кызматкери Айбек Ысманов 16-сентябрь күнү кызматтык милдетин аткаруу учурунда тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам каза болгон. Артында жубайы жана 3 уулу калды. Анын сөөгү кечээ күнү жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун бир тууган иниси Асылбек Ысманов билдирди.
"Бир боорум буту ооруп жатса да мекенге, элге кызматым азыр керек деп Ак-Сай айылынын элин эвакуация кылып жатып душмандын колунан ажал тапты. Мен агам менен сыймыктанам. Бирок мага акыл айтып, кол кабыш кылган агам кайда? Мени окуп, билим алсын деп өзү турмушка эрте бел байлап, ар тараптап колдоо көрсөтүп келчү эле. Менин билимге болгон кызыгуума салым кошкон агам эле. Бир туугандарымдын жан дүйнөсүн жыргаткан жыргалым эле. Мекендин тагдыры ажалдан бийик болгону менен мекендин тагдырын ажалсыз кура турган жолу жок беле?", - дейт көзүнө жаш алган маркумдун иниси.
Лейтенант Ысманов Айбек Абдималикович Баткен районунун Баткен айылында 1987-жылы туулган.
Ал 2010-жылдын май айынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен шаардык жана Баткен райондук бөлүмүнүн №26 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу кызматынын бөлүгүндө кызмат өтөп, эмгек ишмердүүлүгүн баштаган.
Маркум 2021-жылдын март айынан тарта №106 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип, адам өмүрүн куткарууга өз салымын кошуп келген.
SUPER.KG порталы шейит кеткен маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Medina87

19.09.2022. 15:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маркумдун жаткан жери жайлуу, Топурагы торко болсун ООМИН!!
МЕКЕНдин Тагдырын Ажалсыз кура турган Жолу -----ДЕМАРКАЦИЯ::: ЧЕК АРАНЫ ТАКТОО БОЛЧУ!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.