Тажикстандын кол салуусу: Камчыбек Ташиев курман болгондордун жакындарына көңүл айтты
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты.
"Ар бир кыргызстандыкка бүгүн көңүл айтам. Буюрса, бул күндөр дагы өтөт. Курман болгон ар бир баатыр жоокерлерибиздин туугандарына жана жакындарына көңүл айтам. Ата-энелер жоокерлерибизди мамлекетибизди, элибизди коргосун деп биздин колго тапшырган эле. Алар менин балдарым болуп калган. Мен жоокерлеримди, балдарымды жоготтум. Бирок мамлекетибиздин бүтүндүгүн, бардык чек арасын өз калыбында сактап калдык. Баатыр жоокерлерге таазим этем. Ар бир менин жоокерлерим акыркы мүнөттөрүнө чейин элим-жерим деп курман болду", - деди Ташиев.
Белгилей кетсек, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгондордун саны 59га жетти.



1 |