super.kg logo

Коопсуздук кеңешинин катчысы: "Тажикстандын жоокерлери жетекчилеринин ок атууну токтотуу буйругун укпай жатты"

 

Тажикстандын жоокерлери жетекчилеринин ок атууну токтотуу боюнча буйругун укпай жатты. Бул тууралуу маалымат жыйында Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Белгиленгендей, чек арадагы кырдаал түзүлгөн учурдан баштап Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана жеке өзү Дүйшөмбүдөгү кесиптештери менен бир катар сүйлөшүү өткөргөнүн айтат.

“Мен Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысына эки жолу чалып, ок атууну токтотууну талап кылгам. Алар ок атууну токтотуу боюнча буйрук берилгенине ишендиришти. Ага карабай, жеринде аткылоо күчөп, өздөрүнүн жетекчилеринин буйругун укпай жатты. Бизден дагы суранышкандан кийин биз дагы аткылоону токтотконбуз. Кыргыз чек арачылар жооп катары гана ок чыгарышты, бул зарыл болгон гана чара. Биздикилер жарандык инфратүзүмгө, жергиликтүү калкка бир дагы ок аткан эмес. Тажик тарап каалаган тарапка ок чыгарып, Кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча аткылашкан”, - дейт Иманкулов.

Атайын кызмат Кыргыз-тажик чек арасында учурда абал туруктуу, бирок чыңалуу бар экенин билдирүүдө. Тажик тараптын Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салуусу 14-сентябрь күнү башталган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө карабай, Тажикстан бир нече жолу макулдашууну бузуп ок чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.09.2022. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каны бузуктар бул нерсенин да жообу болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: