super.kg logo

Тажик тараптын куралдуу кол салуусунда өлкөдө аэропорттордун иши үзгүлтүккө учураган жок

 

Бардык каттамдар графикке ылайык аткарылууда, Кыргызстандын аэропортторунун иши үзгүлтүккө учураган жок. Бул тууралуу 19-сентябрда Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Тимур Аскаров билдирди.

"14-сентябрдан 18-сентябрга чейин болгон бардык кыйынчылыктарга карабастан Кыргызстандын аэропортторунун ишинде мүчүлүштүктөр болгон жок. Чек арада жаңжал башталгандан бери авиакомпаниялардын да, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсынын да бардык каражат-күчтөрү мобилизацияланып, иштер күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүп, бардык каттамдар штаттык режимде аткарылды", - деди ал.

Аскаровдун айтуусу боюнча, жаракат алган жарандарды, балдарды жана аялдарды Бишкекке жеткирүү үчүн учактарды колдонуу зарылдыгынан улам айрым каттамдар токтотулган, бирок түштүккө болгон учуулар башка авиакомпаниялар тарабынан аткарылып келген.

«Жаракат алгандарды жеткирүүгө ата мекендик Tez Jet, AviaTraffic жана Aeronomad авиакомпаниялары активдүү катышып, жардам беришти. Ошондой эле, жүк ташуучу 2 авиакомпания тартылып, алар өз салымдарын кошушту. Жардам үчүн аларга ыраазычылык билдирем», - деп билдирди Аскаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: