super.kg logo

Иманкулов: "Сөөктү кордоп, мууздап, кулактарын кесип... Буга чейин мындай мыкаачылыкты көргөн эмеспиз"

 
Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусу учурунда Кыргыз аскерлерин мыкаачылык менен өлтүргөн фактылар бар. Чек арадагы кырдаал учурунда тажик тараптан ооган жарандары, экстремисттер да жүрдү. Бул тууралуу маалымат жыйыны учурунда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.
"Сөөктү кордоп, мууздап, кулактарын кескенге чейин барышты. Буга чейин мындай мыкаачылыкты көргөн эмеспиз. Бул согуштук аракеттерге экстремисттик-террордук уюмдардын өкүлдөрү катышкан белгилер бар. Сакалчан, курал көтөрүп жүргөндөрдүн бири ким экенин аныктадык. Ал Ооганстандын жараны, экстремисттик-террордук уюмдардын өкүлү экенин ошол өлкөнүн бийлиги тастыктады. Андыктан башка өлкөдөн жалданып келген адамдар катышты деп айта алабыз", - деди Иманкулов.
Куралданган топ эч кимге баш ийбей аскер күчтөрдү да, жай тургундарды да ылгабай аткылаган.
Коопсуздук кеңешинин катчысы чек арачылар, анын ичинде элди эвакуациялап жаткан ӨКМ кызматкеринин сөөгү кордолгонун айтты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.09.2022. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ош коогаланында мындан да хуже болгон, алар унутулуп калбасын. сиздер унутсаныздар эл унута элек.
19.09.2022. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мекен үчүн курман болгон жигиттердин аттарын Бишкек шаарынын көчөлөрүнө берүү керек
19.09.2022. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек арага жакын жашаган местный 30-40жаштагы жигитерге курал бериш керек ошолор билет каяктан кирип келет каяктан тосуш керек Биздин салдаттарга да жол көргөзүшмөк. Эч нерсе көрө элек жаш уландар өлүп кетти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: