Саламаттыкты сактоо министри чек ара жаңжалында жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү иштери тууралуу маалымат берди
Бүгүн, 19-сентябрда саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Батырова чек ара жаңжалында жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү иштери тууралуу маалымат берди.
Акыркы маалыматтар боюнча, 59 адам курман болду. Баткен облусунда болгон согуштук аракеттерге байланыштуу саламаттыкты сактоо уюмдарына 164 адам кайрылып, алардын 20сы амбулатордук дарыланууга, калгандары ооруканага жаткырылган.
Жардам сурап кайрылган жабырлануучулардын 12си балдар, 129у эркектер, 13ү аялдар.
Баткен облусунда 42 жабырлануучу саламаттыкты сактоо мекемелеринде дарыланууда, 102 адам Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган:
1. Улуттук госпиталь – 71;
2. Улуттук хирургиялык борбор – 8;
3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8;
4. Тез жардам ооруканасы - 9;
5. Ош облустук бириккен ооруканасына – 4;
6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы - 2.
Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.

