super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эвакуацияланган жарандар жана гуманитардык жардам боюнча маалымдады

 

Бүгүн, 19-сентябрь саат 17:00гө карата алынган маалыматка ылайык, Баткен облусу боюнча 136 миң 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Кара-Тейит, Кара-Мык, Шибээ, Жекенди, Чулук айылдарынан 5301 жаран эвакуацияланган. Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин 17 жатаканаларында 1890 орун даярдалып, 512 жаран жайгашкан.

Ошондой эле Баткен облусуна жалпы 584 тонна гуманитардык жардам жеткирилген. Анын ичинен 116 тонна ӨКМ тарабынан, 379 тонна жардам жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат.

Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унаага жүктөлүп (635 тонна) Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:

  • Ош облусунда – 44;
  • Жалал-Абад облусунда – 12;
  • Нарын облусунда – 6;
  • Ысык-Көл облусунда – 69;
  • Талас облусунда – 43;
  • Чүй облусунда – 12;
  • Ош шаарында – 1;
  • Бишкек шаарында – 1.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: