super.kg logo

Бишкек шаарынын 4 районунда Баткен элине гуманитардык жардам чогултуу уланууда

 

Кайрымдуу жарандар гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттарына тамак-аш, кийим-кече, гигиеналык каражаттарды жана дары-дармектерди алып келүүнү улантууда. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлайт.

Ар бир райондо Баткен облусунда жапа чеккен жашоочулар үчүн азык-түлүктөр чогултулду.

Биринчи Май району боюнча 612 килограмм ун, 428,6 килограмм дан азыктары, 1005,5 килограмм ун азыктары, 104 килограмм мөмө-жемиш, кийим-кече жыйналды;

Ленин району боюнча 9 тонна ун, 2,3 тонна кумшекер, дары-дармек жана буюмдар жыйналды;

Октябрь районунун тургундары 100 килограмм ун, 212 килограмм дан азыктары, 45 килограмм кумшекер, 487 килограмм ун азыктары жана жашылча-жемиш жыйнашкан;

Свердлов району боюнча 1307 килограмм ун, 317 килограмм дан азыктары, 952 килограмм кумшекер, 412 литр өсүмдүк майы, 80 килограмм туз, гигиеналык каражаттар жана кийим-кече жыйнашкан.

Борбор калаага келген баткендик 75 тургун White hotel, Shirin Botanik мейманканасы, медициналык академиянын жатаканасы, «Тумар», «Достук» мейманканаларына жайгаштырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: