super.kg logo

Тажикстандын агрессиясы. Жалпы 164 жаран ооруканага кайрылган, алардын 12си балдар

 

Баткендеги куралдуу кагылышуу учурунда жалпы 164 адам ооруканага кайрылган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги брифингде саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди.

Маалымдалгандай, анын ичинен 144 жаран жаткырылып, 20сы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Медициналык жардам алууга кайрылгандардын 12си балдар, 114ү эркектер жан 13ү аялдар.

Саламаттыкты сактоо министри жабырлануучулардын жаш өзгөчөлүгү боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:

- 18 жакшка чейин – 12;

- 29 жашка чейин – 74;

- 30 жаштан 49 жашка чейин – 46;

- 50 жаштан 64 жашка чейин – 7;

- 64 жаштан өйдө – 1.

Ал белгилегендей, учурда 42 жаран Баткен облусундагы ооруканаларда, Бишкектеги Улуттук госпиталда 71, Улуттук хирургия борборунда 8, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 8, Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында 9, Ош облустук бириккен ооруканасында 4 жана Ош облустар аралык бириккен балдар клиникалык ооруканасында 2 бала дарыланууда.

Азыркы учурда жабырлануучулар дары-дармек, медициналык каражаттар жана кандын компоненттери менен үзгүлтүксүз камсыз болууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: