super.kg logo

ТИМ: "Тажикстандын ТИМ башчысынын орун басарынын пикири дипломатиялык этикага жооп бербейт"

 

Тажикстандын ТИМ башчысынын орун басарынын пикири дипломатиялык этикага жооп бербейт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 19-сентябрь күнү Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоминин Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча брифингинде берген маалыматы менен таанышкан соң билдирди.

"Мындай жогорку деңгээлдеги дипломаттын чет мамлекеттин ички саясаты жөнүндө кесипкөй эмес жана ойлонбостон айткан пикири, анын ичинде кандайдыр бир сегрегация саясатын жүргүзүүгө орунсуз шилтеме берүүсү чындыкка жана дипломатиялык этиканын элементардык нормаларына жооп бербейт. Чындыкка дал келбеген, бурмаланган жана жалган маалыматтардын жыйындысы болгон ачыктан-ачык чагымчыл билдирүүлөр ырастоону талап кылбаган бүтүм катары берилүүдө.

Ошону менен бирге Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгы Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагын куралдуу күч колдонуу менен басып алууга негиз болбош керек.

Тажик тараптын дүйнөлүк коомчулукту адаштырууга болгон бардык олдоксон жана эпсиз аракеттерине карабастан Тажикстан Республикасынын эл аралык укуктун фундаменталдык принциптерин жана нормаларын бузуу менен Кыргыз Республикасына каршы гумандуулукка жатпаган куралдуу агрессиясы факт бойдон калууда", - деп айтылат ТИМдин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: