super.kg logo

Тажикстандын кол салуусу: Баткенде 136 миңден ашуун адам эвакуацияланды

 

Коңшу Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунда жалпы 136 миң 770 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан.
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын айылдарынан 5301 жаран эвакуацияланган. Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун даярдалып, 512 жаран жайгашкан.
Ошондой эле Баткен облусуна жалпы 775 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 131 тонна ӨКМ тарабынан, 478 тонна жардам жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 165 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 51 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.
Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат.
16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 183 адам жабыркап, 59 адам каза болгонун билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: